super.kg logo

Алдамчылыкка айыпталышы боюнча айыл чарба министри үн катты

 

Жалал-Абаддагы “Коттон Оушен” компаниясынын директорунун милдетин аткаруучу Замира Ибрагимова айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев миллион доллар акчаны өзүмдүк кылып алганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал бир канча маалымат каражаттарына билдирди.

“2007-жылы аталган компаниянын директору Эркинбек Чодуевге пахта даярдоо үчүн 1 миллион 500 миң доллар акча берген. Анда Чодуев “Лиматекс пахта корпорациясынын” директору болгон. Келишимдеги милдеттер аткарылбай Чодуев акчаны кайтарып берген эмес", - деп билдирген.

Министр Эркинбек Чодуев бул факт боюнча 2011-жылы февраль айынан бери тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөнүн айтты. “Анын жыйынтыктары боюнча Жогорку Соттун токтому чыгып, ага ылайык Ош облусунун райондор аралык сотунун "Коттон-Оушен" ЖЧКсынын доо арызынын канааттандырылбагандыгы жөнүндөгү чечими күчүндө калтырылган. Ибрагимованын өзүнө карата алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Аны тастыктаган документтер кошумча берилет", - дейт ал.

Чодуев ага карата каралоо жүрүп жатканын айтып, мунун артында тургандарды сотко берерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.08.2019. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уруусу куч болсо ээсин доого жыгат деген ушул да.
14.08.2019. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бири-бирин каралап отура бербей мыйзам чегинде чечсин! Куноосу болсо жооп берсин, ак болсо сотко берсин каралагандарды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: