super.kg logo

Кулактандыруу! Бишкектеги №6 номерлүү автобустун каттамы өзгөрдү

 

Бишкектеги №6 номерлүү автобустун каттамы өзгөрдү. Буга шаар тургундарынын кайрылуусу себеп болгонун Бишкек мэриясынан кабарлады. Тагыраагы, тургундар автобустун каттамын Туңгуч кичи районуна чейин узартууну суранган.

"Тургундардын кайрылуусу канааттандырылып, автобустун каттамы өзгөрдү. Көк-Жар айылынан чыккан автобус Туңгуч кичи районуна чейин барат. Буга чейин жүргүнчү ташыган №6 номерлүү автобустар Ак-Ордо - Көк-Жар багыты боюнча каттап келген", - деп жазылат маалыматта.

Автобустардын каттамы боюнча суроо жаралса, төмөндөгү номерлер аркылуу байланышса болот.

Байланыш номерлер: 0(312) 53 48 24, 0(312) 53 18 17.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.08.2019. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Остановки" дебей эле "Аялдамалар" деп кыргызча эле жазгылачы, жүргүнчүлөрдүн деерлик 99% зы кыргыздарго. Орусияда жүргөндөй жазып алганын орусча кылып. "Качан кутулабыз орусиянын ити, кулу болуудан?" - дейт көбү? кутулууну өзүбүздөн башташыбыз керек ушундай майда-барат нерселерден.
14.08.2019. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калыс ордо конушуна да автобус киргизип берсе жакшы болот эле Ош базарды көздөй каттаган бир эле каттам бар 173 алар дагы кааласа эрте чыгат каалабаса жок жумушка кечигебиз Чүй Жаш гвардия бульвары чейин жеткидей кылып берсе андан аары пересадка кылып деле кетет элек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: