super.kg logo

"Апрель" телеканалы Башкы прокуратурага жана Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылды

 

"Апрель" телеканалынын юристтери Ички иштер министрлигинин тергөө кызматкерлеринин жүргүзгөн иши боюнча Башкы прокуратурага жана Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылды. Мындай маалымат телеканалдын расмий сайтына жарыяланды.

"2019-жылдын 9-августунда тергөөчү атайын даярдыктагы кызматкерлердин коштоосунда "Апрель" телеканалынын кеңсеси жайгашкан аймакка кирип келген. Алар телеканалдын кызматкерлеринен имараттан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери аты-жөнүн, кызматын тастыктаган документтерди көрсөткөн эмес. Тергөөчү тарабынан "Апрель" телеканалынын мүлкү камакка алынды деген оозеки билдирүү болгон. Бирок негиздүү документтер көрсөтүлгөн эмес.

Юристтердин айтымында, "Форум" имаратынын "Апрель" телеканалы ижарага алган аянты гана камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.

"Апрель" телеканалы 7-август күнү Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди биринчи жолу кармоо операциясы башталгандан кийин 1 саатка жетпей өчүрүлгөн. Мындай маалыматты аталган каналдын жетекчиси Дмитрий Ложников билдирген.
Каналдын жетекчиси юристтер менен кеңешип, тийиштүү документтерди топтоп жатканын, жакынкы арада сот органдарына кайрыла турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: