super.kg logo

Өзгөндө "Өзгөн күрүчү-2019" фестивалы өттү

 

Бүгүн, 14-августта Өзгөн районундагы Шералы айылында "Өзгөн күрүчү-2019" фестивалы өттү. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Ош облустук администрациясынын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Оштон Алайкуу тоо балы жана Капчыгай тоо балы Кытай менен Германияга, гилас Кытай менен Орусияга экспорттолгон.

"Күрүчтү да Европа өлкөлөрүнө экспорттой алсак деген ниет менен бул жылы фестивалды ири масштабда уюштурдук. Сырттан келген инвесторлорду көбүрөөк чакырдык. Буга чейин белгилүү болгондой, Өзгөн күрүчүнүн баалуулугу жогору, ошол эле учурда анын курамындагы кант ар кандай ооруларга каршы колдонулат. Ошого 4-5 өлкөдөн Өзгөн күрүчүн импорттоого кызыкдар болгон ишканалардын өкүлдөрү келишти. Биз Өзгөн күрүчүн башка өлкөлөргө экспорттоо үчүн окшош үрөндөн алынган түшүмдүн көлөмүн көбөйтүшүбүз керек. Бул жылы дыйкандар менен алдын ала сүйлөшүлүп окшош үрөндөр себилген учур болду.

Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Казакстандан келген ишкерлер Өзгөн күрүчүн алууга кызыкдар экенин билдирип жатышат. Жыйнап терүү иштери аяктаган соң бул аракеттер ишке ашат деп ойлойбуз. Ал эле эмес Өзгөн күрүчүн Европа өлкөлөрүнө да экспорттосок деген дымагыбыз бар", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: