super.kg logo

"Бакай Банк" Бишкектин тургундары жана меймандары үчүн көчөдөгү биринчи пианинону орнотту

 

14-августта Бишкектеги "Бета Сторес-2" соода борборунун жанында музыкалык аянтчанын ачылыш салтанаты болду. "Бакай Банк" музыка сүйүүчүлөрү үчүн белек жасап, пианино алып, атайын жасалган конструкцияга орнотту. Бул музыкалык жабдык Бишкек шаарынын бардык жашоочуларына жана меймандарына арналат. Тагыраак айтканда, каалоочулар өздөрүнө ыңгайлуу убакта келип пианинодо ойноп, эс алышат.

"Бишкектин түштүк тарабында маанилүү маданий иш-чара болуп өттү. "Бакай Банк" Бишкек шаары үчүн эң сонун белек жасады. Октябрь райондук администрациясынын көтөрүп чыккан демилгесин банктын жетекчилиги биринчилерден болуп колдоого алган. Биздин оюбузча, мындай долбоорлор коомдун маданий чөйрөсүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Мындай музыкалык аянтчалар кимдир бирөөнүн чыгармачылыгын ойготот", - деген Октябрь райондук муниципиалдык администрациясынын мэринин орун басары Таалайбек Акматбаев.

Таалайбек Акматбаевдин айтымында, чет өлкөдө мындай музыкалык аспаптар шаардын бардык жерлерине орнотулат.

"Өзүн көрсөткүсү келгендер музыка жана пианинодо ойноо менен ишке ашыра алышат. Мындан улам биз жеке ишканаларды мындай демилгелерди колдоого жана эстафетаны кабыл алууга чакырабыз. Алар Бишкектин ар кайсы райондоруна каалаган музыкалык аспапты орнотсо болот. Муну менен биз шаардын маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошобуз.

Тургундар пианиного этияттык менен мамиле кылат деп үмүттөнөбүз. Албетте, музыкалык аспапты талкалап кетпесе экен деп кабатыр болуп жатабыз. Менимче жергиликтүү тургундардын маданиятын арттырууда ушул өңдүү коомдук долбоорлор жардамчы болот".

Ал эми шаар тургундары музыкалык аянтча үчүн "Бакай Банкка" ыраазычылыгын билдиришти.

"Бул долбоор шаар үчүн абдан пайдалуу деп эсептейм. Мамлекет үчүн, тургундар үчүн эс алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген "Бакай Банкка" чоң ырахмат! Биз элдин маданиятын көтөрүү менен Европадагы башка өлкөлөрдөй болуп өнүгүүгө умтулушубуз керек. Мен чет мамлекеттен аябай популярдуу болгон коомчулук үчүн орнотулган чоң пианино көргөм", - дейт шаар тургуну Бегайым Акылбекова.

Музыкалык аянтчанын ачылышы Октябрь райондук администрация "Бета Сторес-2" соода борборунун жетекчилигинин жардамы менен ишке ашты. Белгилей кетсек, пианино күндүн жылуу мезгилдеринде гана орнотулат.

"Бакай Банк" ААКсы коомдук ишмердүүлүктүн ар кайсы багыты боюнча дайыма туруктуу негизде иш жүргүзүп келет. Коммерциялык уюмдардын ичинен биринчилерден болуп "Бакай Банк" Талас облусуна эки жаңы аялдама куруп берди. Ошондой эле банктын кызматкерлери Бишкектеги "Жаштар" паркына 60 түп бак тиккен. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата банктын бардык филиалдарынын кызматкерлери таштандыларды тазалоо боюнча акцияга катышып, окуучулар, коомдун аялуу катмарындагы балдар үчүн акысыз лекцияларды өткөргөн.

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргызстандын жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири тармагын көрсөтүп келет. Азыркы тапта банктын 76 кассасы менен филиалдары өлкөнүн бардык аймактарында бат жана ыңгайлуу тейлөөнү камсыздайт.

"Бакай Банк" ААКсынын башкы кеңсеси жайгашкан дареги: Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 77.

Call-борбор: +996(312) 610061, моб.: 6111,WhatsApp: 0 (554) 00-61-11.

Веб-сайт: https://bakaibank.kg/


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
14.08.2019. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Митинг болгондо алып койсо болобекен?
15.08.2019. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыларга иши жоктор жон отпой талкалай ототко
15.08.2019. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы көрүнүш азаматтар. Москвада акысыз ажатқаналар бар көп эле жеринде (автозавод, сокол, люблино, коломенская ж.б.) көргөм бул да кулак кагыш түшүнгөн кишиге.
15.08.2019. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздар деле маданыяттуу калк.Андыктан талкалап,сындырышбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: