Алмазбек Атамбаевге дагы эки кылмыш иши козголгону тууралуу Аскер прокуратурасы тарабынан маалымдама берилди
Тектеш кабарлар: Атамбаевдин кармалышынын чоо-жайы жана андан кийинки камакка алуулар (264 материал)
Алмазбек Атамбаевге дагы эки кылмыш иши козголгону тууралуу Аскер прокуратурасы тарабынан маалымдама берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта анын жактоочусу Сергей Слесарёв билдирди.
Анын айтымында, жаңы козголгон эки кылмыш иши Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана "Форум" ишканасына байланыштуу.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Атамбаев Жазык кодексинин “кылмышка кошо катышуу” жана “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ичин отсо да Бакиев кунолуу болуп аткан
Сен Садырды камаганын учун
Мелисти куугунтуган учун эл кечирбейт