super.kg logo

Новокузнецкте чылым чеккенин апасына айтам деп коркуткан 5 жаштагы кызды эки кыз өрттөп салган

 
Новокузнецкте чылым чеккенин апасына айтам деп коркуткан 5 жаштагы кызды эки кыз өрттөп салган. Ал денесинин 80 пайызынан күйүк алды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, акылга сыйбаган окуя 12-августта орун алган. Анда короодо ойноп жаткан кыздардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Алардын бири октябрь айында 12ге чыгаары маалым болгон.
"5 жаштагы Варвара аттуу кыз кошунасынын 2 бакма кызынын бири чылым чегип жатканын апасына айтам деп коркуткан. Буга ачууланган эки кыз анын денесине чылымды басып терисин күйгүзгөн, андан соң көйнөгүн күйгүзүп туруп качып кетишкен. Көйнөгү күйүп ыйлап жаткан кызды атасы менен байкеси көрүп, чуркап келип өчүрүшкөн. Натыйжада Варвара денесинин 80 пайызынан күйүк алган. Учурда ал оор абалда ооруканада жатат. Денесинен алган күйүк жүрөгүнө жана бөйрөгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: