super.kg logo

Курсан Асановдун жактоочусу президент жана премьер-министрге кайрылып, Кашкар Жунушалиевди кызматтан четтетүүнү өтүндү

 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткуловдун билдирүүсү тарады. Билдирүүнүн толук тексти төмөндөгүдөй:

"14-августта мен Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун жактоочусу катары Аскер прокуратурасында суракка катыштым. Асановдун үйүн тинтүү учурунда да болдум.

Маалыматты ачыкка чыгарбоого кол коюп бергениме байланыштуу учурда көп нерсени айта албайм. Мындан сырткары, ИИМдин кызматтык иликтөөсүнүн бүтүмү менен таанышып чыктым.

Баса белгилеп кете турчу жагдай, эмне себептен ИИМдин ички иликтөө кызматынын жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгы Курсан Асановго тааныштырылбай туруп, алгач ЖМКларга чыгып кетти? Кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы шашылыш чыккан. Ал жыйынтыктар толук кандуу далилденген дагы эмес. Курсан Асановдун жана көптөгөн башка адамдардан түшүндүрүүлөр да алынган эмес.

Кызматтык иликтөөнүн бүтүмү Курсан Асановду кызматтык кылмышты жасады деп шектеп жатат. Анын жыйынтыгы тергөө жолу менен иликтенбей туруп ЖМКларга жарыяланышы Ички иштер министри өзү кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, конституциялык айыпсыздык презумпциясынын принциптерин, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн регламентинин нормативдик укуктук актыларды бузууда.

Менин оюмда Кашкар Жунушалиев бул нерсени өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жасап, орун басары өзүнүн милдеттерин андан жакшы аткаргандыгы үчүн аны жаманатты кылгысы келди. Муну менен Курсан Асановдун укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирилип милициянын кадыр-баркына доо кетти.

Мындан улам, мен иликтөө иштери бейтарап болуусу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн президенти, премьер-министрине кайрылып Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кызматынан четтетүүнү өтүнөм. Себеби бул иштеги көп күбөлөр азыркы милиция кызматкерлери жана аларга кысым жасалышы мүмкүн", - дейт жактоочу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(18)
15.08.2019. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Атамбаев калып эми Асановго анан Жунушалиевге отот окшойт, бул сериалдар качан бутот, Кыргызстан онугуу жолуна качан отобуз???
15.08.2019. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Президентти аралаштырбагыла. Азыр заман башка, ажобуз сот ишине кийлигишпейт. Маселени озунор чечкиле
15.08.2019. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Bektur2011,Жалама десе
15.08.2019. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bektur2011,дедиң анан))) Туура байкапсың, заман башка, Бакиев бер жакта калды.
15.08.2019. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
kechirmeni, бийлик Жунушалиевти кызматтан албайт го.булар бир команда болсо керек
15.08.2019. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Тажатышты го...
15.08.2019. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бизде Кыргызстанда качан саясатты бүтүрүп сөздөн ишке өтөбүз?Өлкөбүздө эч тынчтык болбой ызы чуу эле болуп жатабыз,башка өлкөлөрдөн мынчалык ызы чуу көрүп укбадым.Алыска барбай эле мына бизге атаандаш Өзбек Тажик Казак өлкөлөрү тынч эле жашап жатышат.Бир аз ызы чуусу болсо да басыла калып.ИИМ жетекчиси Кашкар Курсан Асановдун авторитети Кой таш окуямынан котөрүлүп кетип көрө албай жаткан го.Бул жагы бешиктеги балага да белгилүү болуп калды.Уят эй чоңдор бири бириңди аңдыбай өлкө үчүн иштегилечи
15.08.2019. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Асанов кылган былыкка озу гана жооп берсин! Озуно тапшырылган ишти аткарбаган генерал башкадан бир нерсе талап кылууга укугу жок
15.08.2019. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Короодо жумуш калды иш кылгыла, биздин кыргыз саясаты Санта Барбаранын сериясынан коп.
15.08.2019. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Күч түзүмдөрүндөгү купуялуулукту, айрым ньюанстарды билбей туруп ойду-келди жаза бербегилечи. Асановдун ким экенин, кандай вазийпаны аткарганын жетекчилер жакшы билишет
15.08.2019. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Курсан Асанов туура эмес кадамга барып калды эгер кыргыз миллициясына чыккынчылык боюунча иши далилденсе шерменде болот
15.08.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу саясатынар тойгозду. Тойгондо да уже батпай калды. Колумдан келсе саясий багыттагы ЖМК сайттардын баарын жок кылмакмын! Саясаттын оордуна руханий маданий пайдалуу кенештер сыяктуу макалаларды же айыл арасындагы толгон токой бутпогон маселе же онор адамдарын чагылдырса
15.08.2019. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
XAN-TORO, эн туура...
15.08.2019. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
айыл чарба экономика деген нерсе ноль болуп калды туугандар, качан онолобуз?
15.08.2019. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргызстандын онолушуна бир эле киши кедергисин тийгизип турган. Буюрса эми онолобуз. Жакшылыктан умут узбоо керек
15.08.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары жакшы болот умуту узбойлу...
16.08.2019. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят! Уят! Уят! Кашкар Курсанга ичи тарлык кылганы даана билинип жатат.Потстова!!!
16.08.2019. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Потстава...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: