super.kg logo

Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Жактоочу менен кел дешти. ИИМден мени бүгүн камай тургандарын айтышты"

 

Бүгүн, 15-августта экс-депутат Равшан Жээнбековду ИИМдин Тергөө башкармалыгына жактоочу менен келүүнү айтышты. Маалым болгондой ал бүгүн камакка алынат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"ИИМдин тергөө башкармалыгынан бүгүн жактоочу менен келүүнү айтышты. Себеби бүгүн камакка алышат экен. Мага "барымтага алуу" беренеси менен айып тагылууда. Менин укуктарымды жактоочум Азимбек Бекназаров коргойт. Мени колдогондорго ыраазычылык билдирем. Мыйзам алдында тазамын, муну ошол күнү ЖМКларда чагылдырылган материалдар далилдейт", - дейт Жээнбеков.


Маалымат үчүн: 244-берене "барымтага алуу"

1. Мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого же аны жасабоого мажбурлоо максатында барымтадагы адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары жасалган адамды барымта катары алуу же кармоо, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

3) куралды же курал катары колдонулуучу башка предметтерди колдонуу менен;

4) эки же андан көп адамга карата;

5) билип туруп жашы жетелекке карата;

6) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата;

7) пайда көздөө менен же жалдануу менен, -

IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, этиятсыздыктан оор зыян келтирген жосундар, -

V категориядагы айып салуу менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү барымтадагы адамды (барымтадагы адамдарды) ыктыярдуу бошотсо, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Барымтадагы адамды уурдаган учурдан тартып 12 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
15.08.2019. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Равшанды сурак-сопкуту жок камаш керек. Эки жээкте ойноп, коп чагымчыл иштерди жасады. Жакшы адам болсо Атамбаевди кой десе болот эле го
15.08.2019. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
камалсын
15.08.2019. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акылы бар Равшан саясаттан да түшүнүгү бар бирок АШАны ошол жолдон кайтарыштын ордуна тскерисинче ошол жолго түрттү өзү да шерик болду. Негизи мындай эки жүздүүлөрдү сразу камаш керек токтоосуз.
15.08.2019. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаштар качан мам кызматка биз отурганда бул Эски карышкырлар кетет болбосо ушулардын арыгын чаап журуп мамлекет онукпойт
15.08.2019. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Камалышы керек, спецназды барымтага алып бийликке ультиматум коюп журду го.
15.08.2019. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Камалсын
15.08.2019. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Камалсын! Элге пайдасынан зыяны коп бул бузукунун
15.08.2019. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Камалсыын
15.08.2019. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Давно камаш керек эле сени
15.08.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул киши саясатта ордун табалбай кыйналды ар кимге жабышып
15.08.2019. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акча кайсыл жерде болсо эле суйлоп жан багып калды окшойт бул киши ,ар кимдин колун карап .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: