super.kg logo

Кожомкул атындагы спорт сарайында толук оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт

 

Спорт сарайы мамлекетибиздин эң чоң спорт комплекстеринин бири десек болот. Анын ичинде сүзүүчү бассейн, 3 миң орундуу зал жайгашкан. Бул имараттын өзгөчө бөлүгүнүн бири концерттик залдын конструкциясынын түзүлүшүндө тагыраагы, отургучтар бетон консолдорунда жайгашкан. Имараттын көрүнүктүү жактарына анын кире бериши, вестибюлдары жана аянты 42х60 метр болгон залы кирет. Имарат 1974-жылы курулган. Долбоор 1941-жылы "Союзспорт" архитектуралык институтунун арихитекторлору В.Маруков жана Н.Костин тарабынан түзүлгөн.

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы республикалык маанидеги эстелик болуп саналат, ошону менен бирге өлкөнүн архитектуралык баалуулуктарынын тизмесине кирет. Анын тарыхый, илимий, архитектуралык көркөмдүүлүгү, мемориалдуу баалуулуктары күмөн туудурбайт.

Баса белгилей кетүүчү нерсе 45 жылдан бери Спорт сарайында бир дагы жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

Elite House курулуш компаниясы Спорт сарайын оңдоп-түзөө долбоорун жөндөн-жөн баштаган жок. Бул аренада эл аралык коноктордун катышуусунда чоң масштабдагы спорт таймаштары жана салтанаттуу аземдер өтүп турат. Спорт мекемесинин ичиндеги талкаланып бара жаткан отургучтар, сахна жана эскилиги жеткен интерьерлердин абалы өлкөбүздүн туристтик жаатын көтөрбөй келет.

Бул долбоорго компания 3 миллион сомдон ашуун акча каражатын сарптап, оңдоп-түзөө иштерин баштады. Муну менен компания Бишкек шаарын көрктөндүрүүгө салым кошот десек жаңылышпайбыз.

Elite House компаниясы кардарлардын суроо-талабын толугу менен канааттандырып, эл аралык стандарттагы, жогорку технологиялык ыкма менен курулган имараттарды сунуш кылып келет. Андан тышкары, компания бизнес билимдерин жайылтуу максатында көптөгөн тренингдерди өлкөнүн эң чоң ареналарында өткөрүп келет. Бул долбоордун натыйжасында билимди жайылтуу дагы да ыңгайлуу болоруна толук ишенебиз.

Кожомкул атындагы спорт сарайын реконструкциялоо иштери Бишкек шаарынын тарыхый маанидеги эскилиги жеткен архитектуралык объектилерди кайра жандандыруу масштабдуу долбоорунун алкагында өтөт.

Бул долбоордун демилгеси биздин курулуш компаниябыз тарабынан ишке ашат. Социалдык жоопкерчилиги жогору болгон компания катары Elite House урбанистика, шаарды көрктөндүрүү, эскилиги жеткен имараттарды реконструкциялоо, өлкөнүн архитектуралык туристтик символун куруу, өндүрүш шаарчасын ачуу сыяктуу ири долбоорлорду пландап, келечекте ишке ашырууга аттанат.

Elite House – шаар тагдырын курабыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(14)
15.08.2019. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыраак жегиле элде акча тугонду канча жейсинер спрот ордодон ээми
15.08.2019. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Коррупцияга каршы курош ушундай нукта болуп турса жей албайт
16.08.2019. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Isakov82,тексти нормально окуп анан наалысан боло мамлекет бир тыйын коротпойт.Элит Хаус оз демилгеси менен оз каражатына ремонт кылат экен.
TalaCSKA түзөттү 2019-08-16 09:38:50
15.08.2019. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чондор жегенден коркуп калгандыр
15.08.2019. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
3 миллион сом арзан эмеспи
15.08.2019. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolkun555,Жегичтер аралашкан эмес болсо керекда АША камады бизди да жон тыгып таштайт деп
18.08.2019. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolkun555,жоо жакшыле ушул акчагале бутурсо болот просто башта чондор жеп жургон азыр частный компания озу ремонттоп жатпайбы
15.08.2019. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай чон обьект проекттердин отчетун детально алыш керек да
16.08.2019. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
kechirmeni, отчетун детально алгыдай эч ким бир сом акча кошкон жок компания оз чонтогунон жасап жатат
15.08.2019. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туугандар бул ондоп тузоого мамлекеттен бир тыйын акча кетпейт. ЭЛИТ ХАУС компаниясынын нигиздоочусу жана жетекчиси Тимур Файзиевдин колдоосу менен болуп жатат. Тимур Файзиев сизден сураныч туулуп оскон шаарыныз Жалал-Абадка да конул бурунуз. Жалал-Абад шаары жаны элиталык уйлорго ото-ото муктажбыз. СУРАНЫЧ.
KAYRATBEK түзөттү 2019-08-15 17:32:19
15.08.2019. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тимир Файзиев сизден дагы коп-коп ондоп тузоолорду кутобуз. Озунуз айтканс Аллах учун берсен Аллах 70 эселеп кобойтуп берет дегенс. Аллах Таала учун жана Кыргызстан учун Алга.
16.08.2019. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тескерисинче сен сал сен кур деп атышса керек
16.08.2019. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аа жакшыкен.сол чонтоко салбай иштеп берсекен эми
16.08.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул жерде элит хаус деген жеке компания оз чонтогунон ондоп тузогону жатат мамлекет эмес, окубай эле урдура берет окшойсунар. Чондордун эч кандай тиешеси жок бул жерде. Дагы айтып кетчу нерсе 3000000 сом мн гилтейген спорт сарайды ондогону атышат, эгерде ушул компаниянын ордунда жепжутаттар болгондо 3000000 эмес 30000000 деп туруп ашканын жешмек. Бул акмактар бир тыйын пайда алып келбей калышты го мамлекетке тили мн сайрап жеп ичип анан чычканды билишет. Тимур Файзиев Аллах сизден ыраазы болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: