super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мирлан Бакиров: "Акыркы окуялар мамлекет башчыны, өкмөт башчыны чыңалтат". КҮНСОБОЛ

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев камакка алынган соң бир канча окуялар орун алды. Курсан Асанов ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотулуп, кылмыш иши козголду. Атамбаевге тиешелүү "Апрель" телеканалы камакка алынды. Мурдагы президенттин тарапташтарынын айрымдары камакка алынса, кээ бирлери суракка чакырылып жатат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул аптада өлкөдө болуп өткөн окуялар мамлекетти кандай жолго салды?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров билдиргендей, акыркы убакта жалпы мамлекеттин эл аралык аброюна шек келтирген окуялар болду. "Мындай нерсе мамлекет башчыны, өкмөт башчыны чыңалтат. Мындан ары стабилдүүлүк болушу, экономика өсүшү үчүн дагы ыкчам, сабырдуу иш алып барганга негиз болот. Парламент дагы ошонун катарында. Биз чоң мамлекет эмеспиз. Бюджетибиз, экономикабыз дагы ошого карата чакталуу. Ошондуктан бизге стабилдүүлүк керек. Эки төңкөрүштү башыбыздан өткөрдүк, экономикага бир топ терс таасирин тийгизди. Ошондуктан ар кандай ушак-айыңдан алыс, консолидация болуп парламент, президент, өкмөт мамлекеттин өнүгүшү үчүн стратегиялык маанидеги долбоорлор менен иш алып барышы зарыл", - дейт Бакиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: