Орусияда 226 жүргүнчүсү менен абага көтөрүлгөн учак жүгөрү талаасына конду








Подмосковьеде абага көтөрүлгөн А-321 учагы 226 жүргүнчүсү менен жүгөрү талаасына конду. Учурда жүргүнчүлөр Жуков аэропортунда, аларга акысыз тамак менен берилгенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
15-августта "Уральские авиалинии" компаниясынын учагы Жуков-Симферополь каттамын ишке ашыруу үчүн абага көтөрүлгөн. Учакта жалпысынан 226 жүргүнчү жана 7 экипаж мүчөлөрү болгон. Учак абага көтөрүлгөндөн кийин канаттуулардын тобу менен кагылышып, кыймылдаткычтын иши үзгүлтүккө учураган. Мындан улам учак Раменский районундагы жүгөрү талаасына ыкчам конуу жасаган. Өзгөчө кырдаалдан кийин медициналык жардам алуу үчүн 55 адам кайрылган. Алардын 17си балдар.
Учак жерге конгондон кийин жүргүнчүлөр борт коштоочуларды, пилотту кучактап, бетинен өпкөн. Пилоттор Дамир Юсупов жана Георгий Мурзинге алкыштар айтылып, интернетте алардын эрдиги кызуу талкууга алынды. Алтургай атактуулар дагы мактоо сөздөрүн жазган. Орусиялык алып баруучу, куудул, актёр Максим Галкин инстаграмдагы баракчасына пилоттор 226 адамдын жана экипаж мүчөлөрүнүн өмүрүн сактап калганын, алар чыныгы эрдик жасаганын белгилеген.
Подмосковье шаарында жүгөрү талаасына авариялык конуу жасаган учак

Бирок Подмосковье деген шаар жок. Журналисттер бираз сабаттуу болушса болмок, уят да!
Анан калса Жуковский, Раменский деп эле жазылат, бир биз эмес, Европа, Америка ошондой айтат. Бойроктон шыйрак чыгарып эмне кереги бар?! Анда Медведев эмес Медвед уулу же Медвед тегин деп алгыла, мынча болду!
Жогоруда туура эмес маалымат кетиптир, Подмосковье шаарынан деп. Подмосковье аймагы десе туура болот. Жогоруда жазып откондой Подмосковье деген шаар жок.