super.kg logo

Премьер-министр Жалал-Абаддагы Ак-Терек каналынын курулушу менен таанышты

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Терек каналынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Бул канал ишке берилсе Кашка-Суу, Жерге-Тал, Кош-Дөбө айылдарында жана Ренжит өрөөнүнүн башка тилкелеринде 7 миң гектарга жакын жерди сугарууга мүмкүндүк пайда болот.

Канал аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ. Курулуп бүткөн соң Беш-Батман каналынын уландысы болот. Бул калкты сугат суу менен камсыздоо маселелериндеги көз карандылыктан арылтат. Жасалып жаткан иштердин жалпы суммасы 800 миллион сом.

Мындан тышкары өкмөт башчы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жетекчилери жана калк менен улук массивин өздөштүрүү келечегин талкуулады. Бул долбоор аймактарда ирригацияны өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программаларда камтылган.

"Ирригацияны өнүктүрүү – бул биздин ишибиздин эң башкы артыкчылыктарынын бири. Себеби бул маселе аймактарды өнүктүрүүдө зор мааниге ээ. Биз үчүн эң негизгиси – өлкөдөгү биримдик жана туруктуулук. Өзүңүздөр көрүп жаткандай, тынчтык жана ынтымак болгону үчүн өкмөт аймактарда мектептерди, жолдорду, ооруканаларды жана башка объекттерди куруп жатат. Биз бардык тармактарды иретке келтирип жатабыз. Ата мекендик экономиканын өсүү темпи мындан ары да ыкчамдай берет", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.08.2019. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул иш жаздан бери токтоп турат. Балким ПМ келгенде кайра 1-2 күн иштеп койгондур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: