super.kg logo

Жактоочу: "Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калтырылды. Ал 26-августка чейин камакта калды"

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарёв билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык сот Атамбаевди 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Жактоочу соттун көчмө жыйыны УКМКнын имаратында жабык өткөнү мыйзам бузуу деп эсептей турганын айтты.

Жактоочу Замир Жоошев эмнеге көчмө жыйын өткөнүн негиздеген соттун чечими жок. Эмнеге көчмө жыйын өткөнүнүн себебин айтышкан жок. "Атамбаев өзүнүн укуктары жана мыйзамдын нормалары одоно бузулганына байланыштуу башынан бир дагы суроого жооп бербейм деп коргоонуу позициясын кармаган", - деди Жоошев.

Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы боюнча даттануу арызы Бишкек шаардык сотунда каралмак. Бирок соттук көчмө жыйыны УКМКнын имаратында өттү.

8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Атамбаев Жазык кодексинин “кылмышка кошо катышуу” жана “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
16.08.2019. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн туура чечим кабыл алыптыр сот
16.08.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bektur2011,
Сооронбай Жээнбеков беспредел кылып жатат. Атамбаев убагында коп иштерди жасаган. Жээнбеков кетсин.
16.08.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында мыйзамды урупда ойнобойт болчу АША, келме кезек деп ушуну айтат, С ЖАПРОВДУ да дал ушундай мыйзамга карабай камап салган, С ЖАПАРОВ ак жеринен камалып олтурат, АШАнын кылмыштары коп экенин Эл билет,С ЖЕЕНБЕКОВГО ДАНК, АШАны камаганы учун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: