super.kg logo
  Саясат  

Юрист Нурбек Токтакунов: "Атамбаевдин соттук процесстери ачык өткөнгө бийликтин өзүнүн кызыкчылыгы болуш керек". КҮНСОБОЛ

 

8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылган. Бүгүн Бишкек шаардык соту Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында жабык карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Атамбаевдин баш коргоо чарасы экинчи ирет жабык каралды. Бул көрүнүш соттун акыйкаттуулугуна, ачык-айкындуулугуна шек жаратпайбы?" деген собол салды.

Юрист Нурбек Токтакунов соттун жабык өтүшү ачык-айкындуулукка шек жаратат деген ойдо.

"Атамбаевдин баш коргоо чарасы жабык өткөнү соттун ачык-айкындуулугуна шек жаратат. Бул ишке жалпы коомчулук кызыгып жатат. Атамбаевдин соттук процесстери ачык өткөнгө бийликтин өзүнүн кызыкчылыгы болушу керек. Коюлган айыптарга өздөрү ишенсе ачык сот процесстеринен коркпошу керек. Эгерде ачык соттук отурум өткөргөндөн коркуп жатышса, коюлган айыптарга өздөрү ишенбейт дегенди түшүндүрөт", - дейт Нурбек Токтакунов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: