Ырчы Минюра Рахимжанованын токко урунган агасы Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатат
Ырчы Минюра Рахимжанованын бир тууган агасы иш учурунда мамыга чыгып токко урунган. Ал алган жаракатынан улам ооруканага түшкөн. Учурда электрик Бишкектеги ооруканалардын бирине которулганын ырчы билдирди.
"Агамды Таластагы аймактык ооруканадан чыгарып, Бишкекке алып келгенбиз. Учурда шаардагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Эң негизгиси агам айыгып кетсин. Ал эми күнөөлүү тарап калп айтып жатат. Бул иштин аягы жоктой, ошондуктан эч нерсе деп айта албайм", - деди ал.
Окуя 1-август күнү болгон. Анда электрик иш учурунда мамыга чыгып токко урунган. Ал алган жаракатынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, кийинчерээк палатага которулган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Ал эми башкы инженер тергөө аягына чыкканга чейин кызматынан убактылуу четтетилген.
Окуядан кийин инженер Кемелбек Зайыткановго карата коркутуулар болуп жатканын анын жубайы Миргүл Субанбекова билдирген.
