super.kg logo

"Белек жакпай калды". Индияда 22 жаштагы жигит атасы тартуулаган БМВ унаасын сууга агызып жиберди

 

Индиянын Харьяна штатындагы Ямунанагар шаарынын тургуну туулган күнүнө БМВ унаасын белекке алган. 22 жаштагы Акашка мындай белекти атасы тартуулаган. Бирок ал ата-энеси Ягуар унаасын белек кылат деп үмүт кылганын айтып, унааны сууга агызып жиберген.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Акаш БМВ унаасына бардык достору батпай турганын, автоунаанын ичи тар экенин айтып, дарыяга түртүп жиберген. Көпчүлүктүн кыялындагы унаа бир заматта сууга агып кеткен. Суунун жээгиндеги тургундар унааны алып чыгуу үчүн моторлуу кайык менен барып, унаага трос чиркеген. Тилекке каршы, трос аркылуу унааны суудан чыгара алган эмес. Анткени автоунаанын ичине суу толуп, түбүнө түшүп кеткен.

Суунун түбүндө калган унаанын баасы Индияда 3 миллион 500 миң рупийди (3 миллион 432 миң 435 сом) түзөт. Окуяны көргөн тургундар Акаштын бул кылганын туура эмес деп баалашкан. Алтургай анын достору дагы терс пикирлерин билдиришкен.

Ал эми жерине келген полиция кызматкерлери бул ишти иликтөөгө негиз жок экенин, окуя үй-бүлөлүк маселеден улам жаралганын айткан.

Акаштын атасы окуядан кийин өзүн күнөөлүү сезип, Ягуар унаасы кымбат болгондуктан аны сатып ала албагандыгын айткан.






Эркеликтин айынан БМВ унаасын сууга агызып жиберди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
16.08.2019. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Эркелесен эркеле бирок талтандаба деп койчу беле
16.08.2019. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Ата энендин кадырын билбеген акмак
16.08.2019. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Индия бул жолку мени таң калтыра албадың. Оригиналдуу нерсе ойлоп тапкыла
16.08.2019. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эми атасы алып берген жакпаса өзү сатып алсын, өзү деле жаш кичикий эмес экен. Иттен жок, же ит байлаган жиптен жок, жөө жүрсүн
16.08.2019. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаман эле урушуп алыптырбызго
17.08.2019. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
жанында болсом мээнди жара жара чабат элем,атандан тизелеп кечирим сура Акашка жай айтып атам
17.08.2019. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Балам балалуу болгондо билээрсин ... дегендей озунун баласы самалет сатып бер деп кыйнаар бекен...
17.08.2019. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акашка эмес какашка экен.Атасында да чон куноо бар туура тарбия бербеген.Бели оорубай келген дуйнонун баркы жок болот.
17.08.2019. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы миллионерго машинаны атасына белек кыла турган жашына келип калып да эркелегенин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: