super.kg logo
  Саясат  

Ош. Сулайман тоонун түбүндө жайгашкан Асаф ибн Бурхия күмбөзү оңдолууда

 
Күмбөздүн XX кылымдагы көрүнүшү
1980-83-жылдары Кыргыз ССРинин маданият министрилиги тарабынан реставрацияланып, маңдайына бул кошумча дубал курулган
Күмбөздүн учурдагы көрүнүшү
Күмбөздүн кире беришиндеги оймо-чиймелер да оңдолот
Күмбөздүн пайдубалындагы бул жыгач да алмаштырылат. Жыгач жер титирөөлөрдө курулуштун урап калбашы үчүн коюлган
Күмбөздүн сыртындагы оңдоп-түзөө иштери аягына чыкса, ичиндеги тамчы тамган тешитер да оңдолот
Күмбөздүн арт жагынан көрүнүшү
Музей кызматкери күмбөздүн абалы менен тааныштырууда
Усталар алгач сыртын, андан соң ичин оңдошот
Усталар иш үстүндө

Ош шаарындагы “Сулайман тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин базасындагы Асаф ибн Бурхия күмбөзүндө учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул иштерге музей тарабынан 140 миң сом бөлүнгөн. Ал эми демөөрчүлөр 60 миң сомдук декоративдик тосмо куруп берери күтүлүүдө. Түнкүсүн жарык кылуучу лампалар да орнотуларын музейдин экспозиция бөлүмүнүн башчысы Хайрулло Ибайдуллаев билдирди. Күмбөздүн оңдоодон кийинки ачылышы 31-августта, эгемендүүлүк күнүндө болуп, анын оңдоого чейинки жана андан кийинки сүрөттөрү көргөзмөгө коюлат. Эске сала кетсек, күмбөз XVI –XVIII кылымдарда Ферганалык усталар тарабынан курулган. Күмбөз буга чейин 1980-83-жылдары жана 2000-жылы реставрацияланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: