super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 17-АВГУСТ: 5-6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев 66 жашка толду

 
5-6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев 66 жашка толду. Ал 17-август күнү 1953-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. 1960-жылдан 1970-жылга чейин Кара-Жыгач айылындагы орто мектепте окуган. 1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1989-жылы Москва шаарындагы СССРдин ИИМдин Башкаруу академиясын аяктаган.
Абдылдаев Мыктыбек Юсупович эмгек жолун 1970-жылы Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдо токарь болуп иштөөдөн баштаган. 1971-1976-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин студенти.
1976-1981-жылдары Фрунзедеги Советтик соода техникумунун комсомол комитетинин катчысы, Кыргыз ССРинин ЛКЖСнын Борбордук Комитетинин методисти, инструктору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.
1982-1983-жылдары Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облустук комсомол комитетинин катчысы кызматында иштеген.
1983-жылдын декабрь айынан 1986-жылдын август айына чейин Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин ички иштер башкармалыгынын саясий бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген.
1986-жылдын август айынан 1989-жылга чейин Москва шаарындагы СССРдин ИИМдин Башкаруу академиясынын күндүзгү бөлүмүндө окуган.
1989-жылы Ысык-Көл облусунун ИИБинин начальнигинин орун басары болуп дайындалган, ал эми 1990-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине депутат болуп шайланган, парламентте Жогорку Советтин туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
1991-жылдын ноябрь айынан 1994-жылдын ноябрь айына чейин Ысык-Көл облусунун ИИБинин начальниги кызматында эмгектенген.
1994-жылдын ноябрь айынан 2001-жылдын январь айына чейин Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, биринчи орун басары кызматтарында иштеген.
2001-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган жана ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп иштеген.
2002-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган.
2002-жылдын октябрь айынын 2005-жылдын март айына чейин Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болгон.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
2006-жылдын май айынан 2007-жылдын май айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси болуп иштеген.
2010-жылдын октябрь айында “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын декабрь айынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, 2012-жылдын январь айынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген. 2015-жылдын 4-октябрында "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Мыктыбек Абдылдаев юридикалык илимдердин кандидаты, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, милициянын генерал-лейтенанты, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи.
Ошондой эле 1-даражадагы “Күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы, КМШнын парламенттер аралык Ассамблеясынын “Содружество” ордени менен сыйланган.
17-августтун жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: