"Супара" этнокомлексине жетпей бир нече унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды




Бүгүн, 17-августта "Супара" этнокомлексине жетпей бир нече унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралу жол кырсыгынын күбөлөрү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы "Супара" этнокомлекске жетпей Карагул Акмат көчөсүндө орун алган. Анда эки кичи автобус, Хундай Портер жана 1 жеңил унаа сүзүшкөн. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, кырсык айдоочулардын бири каршы тилкеге чыгып кеткендиктен улам келип чыккан. Кырсык болгон жерде тиешелүү кызматтар иш алып барууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.