super.kg logo

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакта отурган лаборант Ирина Цопова өлкөдөн чыкпоо тил каттын негизинде чыгарылды

 

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакта отурган лаборант Ирина Цопова өлкөдөн чыкпоо тил каттын негизинде чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк маалымат булактар кабарлады.

Буга чейин белгилүү болгондой, кармалган дарыгер Эмил Макимбетов менен Ирина Цопова Азиз Батукаевге рак илдетине кабылды деген диагноз коюшканы маалымдалган.

25-июнда Биринчи май райондук соту Эмил Макимбетовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарган болчу.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

3-майда дарыгер-онколог Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова, 6-майда жазаларды аткаруу кызматынын медициналык-санитардык камсыздоону уюштуруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Акылбек Асанов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Канат Бектемиров жана №47 колониянын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Фархад Атахожаев, 15-майда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, 21-майда мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов, 30-майда ошол кездеги атайын прокурор Майрамбек Акматалиев, 3-июнда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, 19-июнда өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Марат Бекенов, 24-июнда Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов камакка алынган.

Мындан тышкары, 7-июнда жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев суракка алынып жаткан учурда ооруканага түшкөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
17.08.2019. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ирина Цоповага окшогондор заказды аткарган чабактар. Эн чон кит кармалды го. Бардык суроо-сопкут ошол Атамбаевде
17.08.2019. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аа, Атамбаевди кармагыча буларды камай турушкан экен да убактылуу.
18.08.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bond 02, ушуларды камап сурака алганда баардык маселе Атамбаевке барып такалып калган. Анан арга жок депутаттар "кол тийбестик" укугун алып салды
19.08.2019. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,Ооба мен да ошентип ойлоп калдым
17.08.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атамбаевдин колундагы куурчак болгон булар
17.08.2019. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Батукаевди качыргандардын ана башында Атамбаев турат
17.08.2019. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атамбаев буйрук берген да ошого баары атамбаевга каршы корсотмо беришти да ошого чыгып атышат чындыгында буларда куноо жок ошол убакта коркуп айталышкан эмесда айла жок буйрукту аткарышкан,булар болбосо да башкалыры ушу ишти кылат эле
17.08.2019. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бир бандит учун канча кишини камап отурушат ары жоктор
17.08.2019. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Avrora2017, бандитти качыруу кечирилгис иш болгон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: