"Жакынкы арада башаламандык болот" деп тарап жаткан билдирүүлөр боюнча ИИМ маалымат таратты
Социалдык тармактарда жакынкы арада башаламандык болот деп тарап жаткан билдирүүлөр боюнча ИИМ маалымат таратты. "Бул чындыкка дал келбеген билдирүүлөрдү тараткандар учурда изделүүдө", - деп айтылат маалыматта.
"Бул билдирүүлөр коомдук абалды курчутуу максатында таратылууда. Учурда өлкөдөгү саясий-коомдук абал туруктуу. Укук коргоо органдары коомдук тартипти сактоо үчүн кылмыштуулук менен күрөшүү иштерин жүргүзүүдө. Чагымчылдыкка алдырбоого чакырабыз. ИИМ жалган маалыматтарды тараткандар мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылаарын эске салат. Андан сырткары, мындай билдирүүлөрдү таратпоого чакырат" - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, акыркы эки күндөн бери "жакынкы арада башаламандык болот, азык-түлүктөрдү камдап алгыла" деген билдирүү тарап жатат.

Атамбаевтин убагында милициялардын кобу квартира менен камсыз болушкан. Эми ошол милиция Атамбаевти жамандап жатасынар. Сооромбайыңар милицияны эч которбойт.