Бангладештин борборундагы катуу өрт 15 миңден ашык турак жайды жалмап кетти
Бангладештин борборундагы катуу өрт 15 миңден ашык турак жайды жалмап кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Дакка шаарындагы катуу өрт 50 миңдей адамды үй-жайсыз калтырды.
"Имараттардын чатырлары желим болгондуктан өрт бат эле жайылып кеткен. Өрттөн үй-жайсыз калгандар аз маянага иштегендер болчу. Бул аймакта көбүнчө калктын кедей катмары жашайт. Өрттөн канча адам жабыркап, канчасы каза болгондугу тууралуу расмий маалыматтар тарай элек", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
-3

Кедей калк жашаган болсо тем более