Ойдон чыгарылган англиялык тыңчы Жеймс Бонд тууралуу тартылган тасмадагы унаа аукциондо 6 миллион 400 миң долларга сатылды
Ойдон чыгарылган англиялык тыңчы Жеймс Бонд тууралуу 1964-жылы тартылган тасмадагы унаа аукциондо 6 миллион 400 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 1964-жылы тасмада тартылган Aston Martin DB5 үлгүсүндөгү унаа Монтерей шаарында өткөн аукциондо жаңы ээсин тапкан. Унааны ким сатып алганы азырынча ачыктала элек.
"Aston Martin компаниясы бул DB5 моделин 1963-жылдан тарта 1965-жылга чейин гана чыгарган. Унаа тасмага 1964-жылы тартылган, ал тасмада тыңчынын ролун актер Шон Коннери ойногон. Бүгүнкү күндө Джеймс Бонд жөнүндө 24 тасма тартылган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:55
2026-02-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















