super.kg logo

Кадыр Атамбаев Башкы прокуратуранын Атамбаев жана анын туугандарына таандык камакка алынган мүлктөрү боюнча билдирүү таратты

 

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын туугандарына таандык камакка алынган мүлктөрүнүн тизмесин жарыялаган. Буга байланыштуу Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

"Башкы прокуратура атамдын жана туугандарыбыздын камакка алынган мүлктөрү боюнча коомчулукту атайлап манипуляция кылып жатат.

Атамбаевге таандык делинип жана камакка алынган 120 мүлк боюнча айткым келет, себеби анын көбү бизге жана туугандарыбызга таандык эмес. Мындай маалыматтарды ЖМКга чыгаруу менен бийлик бизди каралап жатат.

Баса белгилеп кетчү жагдай, 120 мүлктүн ичинен 101 мүлк Атамбаевге жана анын туугандарына эмес, 2007-жылдан бери биз ээлик кылбай калган "КыргызАвтомаш" ААКсына таандык. Башкы прокуратуранын 1996-жылы эле заводдун жумушчуларына сатылган батирлерди да бизге жазып койгондугу өтө жарашпаган иш болду.

Жалган маалыматтан турган тизмени карап нес болдум. Керек болсо, Нариман Түлеевге таандык делген банкта да биздин акча каражатыбыз бар экен. Ооба, банкта бизге тиешелүү эсеп бар. Бирок ал 2002-жылдан бери "Кыргызстан" коммерциялык банкында болгон, ал кезде банкка Шарипа Садыбакасова ээлик кылчу. Башкы прокуратура өлкөдөгү бардык банктарды эле тизмеге кошуп койгондой элес калтырат. Атүгүл, Пакистандын улуттук банкынын филиалдарын да тизмеге киргизип койгон көрүнөт.

Башкы прокуратура соттун чечими чыга электе эле тартып алынган унааларды жарыялоодон да тартынбаптыр. Унаалардын баарын 1990-жылдары жана 2000-жылдары чыккан деп көрсөткөн.

"Апрель" телеканалынын банкта ячейкасы, Жалал-Абадда эч кандай мүлкү, телеканалга тиешелүү радио же телеборбору жок экендигин ишенимдүү айта алам.

Мындан сырткары, кыргыз контентин өнүктүрүү менен алектенген, курамында көптөгөн телеканалдар бар телерадио уюмдар ассоциациясына ээлик кылбайбыз. Кой-Таштагы үйдөн башка мүлктөрдү атам президент боло электе эле сатып алган. Тизмеге 1985-жылы каза болгон чоң атам салган үйдү да кошуп коюшкан.

Атам өлкөнүн өнүгүшүнө өзүнүн каражаттарын да көп жумшаган. Президенттик фонддогу 50 миллион сомдон турган бюджеттик каражаттан тышкары, Алмазбек Шаршенович аракети менен өлкөгө 1 миллиард 200 миллион сом алып келген. Ага балдар аянтчалары курулуп, мектептерге компьютерлер сатып алынып, китептер чыгарылып, ар кандай эстеликтер тургузулган. Мамлекеттик резиденцияда экс-президент Алмазбек Атамбаевге турак жай берилиши керек болчу, бирок атам ал жакка өз каражатына үй салып мамлекеттин балансына өткөрүп берген.

Атам 1990-жылдын башынан бери ийгиликтүү бизнесмен жана меценат катары таанымал экенин эске салгым келет. Өзүнүн байлыгын ал мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп топтогон эмес, анын баарын бизнес кылып тапкан. Биз эч качан байлыгыбызды жашырып же каражаттарыбызды бекиткен эмеспиз", - дейт Кадыр Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(24)
18.08.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Бары ойлоп чыгарылган болсо эмне болуптур. Мындай ойлоп чыгып мойунга койгонду биринчи сенин атан баштаган кыргыздын коптогон азаматтарына ойлоп чыгып кылмыш илген. Кайтар дуйно деп ушуну айтса болот.
nursultan93 түзөттү 2019-08-18 14:31:00
18.08.2019. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Коозу,чачыны бир аз кырктырып алчы?!
kurstan-ali түзөттү 2019-08-18 15:13:51
18.08.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
kurstan-ali,Муну экс президент мултимиллионердин баласы деп эч ким айтпайт
19.08.2019. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууруларды кустуралы чогулуп. Бул бала деле таза эмес. Светти мамлекеттен 20 тыйындан алып элге 2 сом 16 тыйындан саткан
18.08.2019. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Силердики болбосо не башын оруйт.Эч нерсен кетпегенден кийин
18.08.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Bars88,Каралап жатат деп жататко
18.08.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Sen emneni bilet elen balashka Atan baar joktun kashasyn chygaryp butkon
18.08.2019. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Атан тура албас болуп мубурулду, колунда бийлик турган кезде, мыйзамды карабай жургон туболуко президент болчуудай,СООРОНБАЙ ЖЕЕНБЕКОВ туура эле баратасыз,Эми ининиз Асылбек Жеенбековду да текшерсениз, андан САДЫР ЖАПАРОВТУ ЧЫГАРСАНЫЗ Эл 100%СИЗГЕ ишеним артып кийинки шайлоодо дагы каласыз АЖО болуп
18.08.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
amin1986,размечтался деп койчу беле?
18.08.2019. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бул иничекте куноо жок чынында. Ким болбосун атасын жаман дебейт. Ошондуктан бул жигитти табалабагыла?
18.08.2019. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ооба, Атамбаевдин атын мен 90-жылдары уккам, ошол кезде кыйын тыңдар башын иштетип көп нерсени иштетип кетишкен. А көпчүлүгү болсо завод, фабриканы, жада калса турак үйлөрдү, кашарларды талкалап, тоноп салышкан. Атамбаев менимче ошол кезде пайдаланып көп нерсени алып калган, өзүнүн эмгеги
18.08.2019. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aikaaaa, Россиядан келген 56.000.000 рубь грантты "жеп". Анан ошол арам акчага завод фабрикаларды сатып алган.
Демек элдин ырыскысн жеп байыган. Мен мындайды бизнесмен деп эсептебейм.
Коррупционер!!!!
19.08.2019. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikaaaa,Россиядан жазуучулар союзуна келген грантты уурдап анан ошол акчага автоматы сатып алып баштаган бизнести андан кийин Ысык колдогу жетим балдар учун деген лагерьге болунгон грантты согуп кеткен. Так что коррупциянын башы АША дан башталган.
18.08.2019. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен кечоо эле жаздымго так маалымат жок бул жерде список жазган комп заедать эткендей болгон. Ушул биз качан онолобуз кайсыл бийлик келбесин оз билемдик кылып кучко салып эски бийликти кандай болсо да караламай адатын койбоду. Маалымат булактарда бийликтин айтаанынан чыкпайт. Мен АШАны же Сокени колдогон жокмун просто чындыкты качан угабыз Аша 6 жыл Бакиевти жамандап отту. Эми очред Атамбаевти караламай. Аа баса АША колго тушту Салянова Сапардын кереги жок акырын чыга баштады. Так что былыткы.
Kgda түзөттү 2019-08-18 20:25:55
18.08.2019. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жээнбековго рахмат айткыла Кадыр Алмазбекович, силердин атанарды оной жол менен жазалап жатат. Бабанов болгондо анда силер да камакта жатат болчусунар
18.08.2019. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
силердики болбосо чын эле башыңды оорутпай эле кой эртен мамлекетке өткөргөндү ээси чыгып калар
18.08.2019. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атаң сени өз ишине аралаштырбаса мунун баарын эл менен чогуу билип шок болуп жатасың да биз сыяктуу.
18.08.2019. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атанын уулу ушундай болуш керек. Азамат! Чындык силер тарапта!!! Аллах колдосун!!!
18.08.2019. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атасынын ожорлугу бар экен,мына,кабыландын тукуму деп ушуну айтат.Бирок Кадыр Алмазбекович,элдин акысын ото коп жеген болбойт да.
19.08.2019. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай бизнес мн алектенген ошону да айта кетсен
Кой Таштагы уйунорду эмнеге президент бололекте салбайсынар анда ушунчалык бай болсонор же ошондой зангыраган уйунор барбы башка 2010 атан уйунордон кармалганда коргонмун (видеодон) кандай уйдо жашаганынарды
19.08.2019. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Матраимов биздин президент!
19.08.2019. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТИмеле итке минген кедей, байкуш болуп калгандарын булардын
19.08.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурунун кайсыл жакшылыгына болушасын?бул элдин канын соргон мителерди коп гезит журналга чыгарып эркелете бербеш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: