Бишкек-Ош унаа жолунда 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду




Бишкек-Ош унаа жолунда 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу жол кырсыгынын күбөлөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн болжол менен эртең мененки саат 9:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 172-чакырымында орун алган. Жол кырсыгында Хонда Торнео үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдыдагы унааны ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыгып, алдыдан күйүүчү май ташыган унааны көргөн, ал кайра өзүнүн катарына түшүү аракетин жасап жатып Мазда үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган, ал эми Мазда үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу унааны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Мазда унаасындагы 4 адам каза болуп, дагы 1 адам оор жаракаттарды алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Эгер Окмот МАИдеги коррупцияларды тыйса, айдоочулук куболукту сатууну токтотсо
- он рулдуу унааларга тыю салса
- адам олумуно себепкер айдоочулар камалса, соттон кутулуп кетпей.
- алардын айдоо укугу 10-20 жылга чектелсе
Ошондо жылыш болмок....
Жерлерде (поварот, подъем) обгонго чыкпаш керек.
Менин классташтарым экен
Угуп жаман болуп отурам