super.kg logo

Жактоочу сотторго: "Садыр Жапаровго карата мунапысты колдонбой койсоңор чоң күнөө кылган болосуңар"

 

Бүгүн, 19-августта Чүй облустук сотто Садыр Жапаровдун иши каралып жатат.

Анда жактоочу Замирбек Базарбеков саясат мүнөт эмес секунд сайын өзгөрүп жатканын айтты. "Эл көзүн жумуп алган сотторду соттош керек деп талап кылып жатышат. Силердин алдыңарда чоң жоопкерчилик турат. Кимдир бирөөлөргө жалтаңдап карабай, туура чечим чыгаргыла. Биз Жапаровдун акталышы жөнүндө экинчи этап менен кайрылабыз. Ал эми бул жерде мыйзамда көрсөтүлгөн мунапыс мыйзамын колдонгула деп айтып жатабыз. Ушуну колдонбой койсоңор элдин алдында чоң күнөө кылган болуп каласыздар", - деп жактоочу сотторго кайрылды.

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.08.2019. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр Жапаровго эркиндик!!!
19.08.2019. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр брат чыгаргыла Эми болду качанга чейин кармайсынар
19.08.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимди чыгарбайт только камайт. Качан эмки шайлоо отмойунчо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: