super.kg logo

Өкмөт ИИМдин жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт

 

Өкмөт Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жеңиш Разаков нормативдик-укуктук актыларды, сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган чечимдерди талдоо боюнча мекемелер аралык жумуш топтун жыйынына катышты.

Вице-премьер-министр Кыргыз жарандарынын көптөгөн кайрылууларынын негизинде өзгөртүүгө сунушталып жатканын белгиледи.

"Бизге коомчулуктан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, айдоочулардан айып пулдардын бир нечесин азайтуу боюнча жетишерлик кайрылуулар келип түштү. Биздин жумушчу топ келип түшкөн сунуштардын негизинде эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болду", - деди Жеңиш Разаков.

Жол кыймылын төмөнкү категориялары боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу сунушталууда: Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы; жолдун жүрүүгө уруксат берилген бөлүгүндөгү белгилердин талаптарын аткарбагандыгы; унааны туура эмес жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу; коопсуздук дистанциясын жана аралыкты сактабай, автомагистралдар боюнча жол эрежелерин бузуу; светофордон уруксат берилбеген учурда стоп-сызыгынын алдына токтоо, көрсөтүлгөн жол белгилерин же өтүүгө уруксат берилген жолдун бөлүгүнөн жол кыймылынын эрежелерин сактабай өтүү; ашып өтүү боюнча эрежени бузуу; сырткы жарык берүүчү приборлорду же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө жүргүзүлгөн сот-укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча 4 маселе каралды. Анда мамлекеттик бийлик органдары системиндеги укук коргоо органдарынын орду жана ролу, белгиленген укуктук негиздер, принциптер, коюлган тапшырмалар жана аткарууну уюштуруу иштери башкы максат болгон "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясы негизги маселе болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, келечекте укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү бирдиктүү мыйзам менен гана жөнгө салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
19.08.2019. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы болот эле
19.08.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
арак ичкендердикин тушурбогуло вообще
19.08.2019. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эреже бузбай айдаса айыппул деле толобойт.
19.08.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаны жылдан бери бир да жол эрежесин буз элекмин кундо советский менен ойдо келип кетем жумушка мурда ар бир дарактын астыда андыгандар жанды койбочуу
19.08.2019. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Светофорго откон каршы тилкеге чыккан ичип айдагандардыкын калтырып,калганын тушурсо.Болбосо 3000 кымбат Кыргызстан учун.Россияда бизге караганда кыйла арзан
19.08.2019. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага 3-жолу 3000.сомдон бир светафордон штраф келди бир айдын ичинде ал жерде стоп знак бар бирок линия жок машинанын тумшугу 40,см чыкса да жаза бериптир линияны оздору комптон жакшынай кылып чийип койуптур барып ачык эле айттым толобойм колунардан келгенин кылгыла дедим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: