super.kg logo

Депутат Ирина Карамушкина Атамбаевди кармоо учурунда дагы бир жаран каза болгонун жазып чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты четке какты

 

Депутат Ирина Карамушкина өзүнүн Фейсбук баракчасына экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында алган жаракатынан улам 24 жаштагы бала каза болгонун жазып чыкты.

Билдирүүдө каза болгон жаран 24 жаштагы Миржан Курманбек уулу экени жазылган. Ошондой эле бул маалыматты партиялаштары тактап жатканы жазылган.

Бул билдирүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалыматты четке кагып, буларды кабарлады.

"7-8-августтагы окуяда 139 адам жаракат алып, ар кандай медициналык жардам көрсөтүлгөн. Азыркы убакта Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда 4 адам, Улуттук госпиталда 6 адам дарыланууда. Ошондой эле 14-15-август күндөрү дарыгерлер Арашан жана Кой-Таш айылдарындагы ар бир үйгө кирип, текшерүү да кылышкан. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы бир жолу окуяда Үсөнбек Ниязбеков каза болгонун тастыктайт. Ал эми Миржан Курманбек уулу аттуу жаран жаракат алгандардын да, медициналык жардам көрсөтүлгөндөрдүн да тизмесинде болгон эмес", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматынан "Миржан Курманбек уулу атайын күч кызматкери тарабынан уруп согуудан каза болду" деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.

"Ирина Карамушкинанын бул билдирүүсүн далилсиз маалыматтарды жайылтуу аркылуу коомчулукту алдоо катары эсептесек болот. Ошондуктан УКМК жалган маалыматтарды жайылтууда мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
19.08.2019. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ушундайлар чыгат 7 апрельдегидей баатыр наамын бергиле деп , компенсация тологуло жарадар болдук деп.Тура тургула эми, АША чыгып калса берер баатыр наамын.
19.08.2019. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
УКМК ИИМ Карамушкинаны далилсиз маалымат таратканы үчүн жана чагымчылдые маанайда жалган кабар таратканы үчүн катуу чара көргүлө.Интернет телевидениеден жалган маалыиат таратбагыл десе да өчөшүп кыянаттык кылып таратыптыр.Кана эл еүтүп жатабыз Карамушкинанын былык иштерин.
19.08.2019. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи башында 23 жаштагы жигит каза болду деп окуп жатпадык беле ,кийин аны ондошуп башка бироону коргозду)))
19.08.2019. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lightning57,негизи план боюнча 22 жаштагы бала каза болуш керек болчу имиш. Анан спецназды элдер заложник кылып алышканда ким каза болгонун билбей калышкан имиш. Кийин анан ким экенин 22 жаштагы бала каза болбой башка киши каза болуп калыптыр го, айтор ушундай кептер бар эл арасында
19.08.2019. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lightning57,бул да бийликтин сасык оюну
19.08.2019. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
14-15 август кундору Саламаттыкты сактоо министирлиги эч кандай кыдырып элдин саламатын сураган эмес!!! Жалган айтпасынчы!!! Милиция кыдырып кармап журот элди!!!
20.08.2019. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушундай провокаторлорго неге бийлик чара корбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: