super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев менен Улуттук Гвардиянын башчысы Куралдуу күчтөрдү реформалоо боюнча сүйлөшүү жүргүздү

 
Алмазбек Атамбаев Улуттук Гвардиянын командири Асанбек Алымкожоевди кабыл алды
Өлкө башчы гвардиянын командири менен Куралдуу күчтөрдү реформалоого байланыштуу Улуттук гвардиянын алдында турган милдеттерди талкуулашты

Бүгүн, 7-августта президент Алмазбек Атамбаев Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук Гвардиянын командири Асанбек Алымкожоевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда өлкө башчы гвардиянын командири менен алдыда боло турган Куралдуу күчтөрдү реформалоонун өңүтүндө Улуттук гвардиянын алдында турган милдеттерди талкуулашты. Асанбек Алымкожоев президенттин ушул жылдын 24-июлундагы буйругу менен Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысы болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: