super.kg logo
  Саясат  

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова: "Парламенттин мөөнөтүнөн мурда тарап кетишине негиз жок". КҮНСОБОЛ

 

Парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Бирок коомчулук тарабынан Жогорку Кеңешке кескин сын-пикирлер айтылып жатат. Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт деген жоромолдор көп айтылууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышынын мөөнөтүнөн мурда тарап кетишине негиз барбы?" деген собол салды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова парламентти таркатууга негиз жоктугун айтты. "Биздин элге 120 эмес, 45 депутат болушу керек деген жана башка сөздөрдү айтып жатышат. Жогорку Кеңештин толук кандуу иштебешине чоң салым кошкон биздин мурдагы президентибиз болуп жатпайбы. Шайлоо системин реформалоо боюнча мыйзам президенттин алдындагы жумушчу топтон, сот системин реформалоо боюнча мыйзамдар, милиция кызматын реформалоо боюнча мыйзамдар президенттик аппараттан түшкөн. Конституция боюнча сунуштарды өкмөт иштеп чыгып, парламентке алып барышы керек болчу. 120 кишини кетирип башкасын алып келгенде эч нерсе өзгөрбөйт. Шайлоо учурунда шайлоочулар өздөрүнүн туугандарына же акча берген адамга иштешет. Башка депутаттар келсе эле жашоо өзгөрүп кетпейт", - деди Абдрахматова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: