super.kg logo

"Бакай Банк" Ислам финансы борборунун жаңы картасын чыгарды

 

Урматтуу кардарлар, атайын сиздер үчүн жаңы продукт - Ислам финансы борборунун төлөм картасы ишке кирди. Аталган продукт исламдагы бардык каржылоо системдерине ылайык келерине ишендиребиз жана банктын Шариат кеңеши менен жактырылган. Ислам финансы борборунун картасына ээ болгон кардарларга исламдагы банктык тейлөө принциптерине ылайык сатып алуу, которуу жана башка операцияларды жасоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Элкарт ИФБ картасына ээ болгондор:

- Товар жана кызматтарды карта аркылуу төлөө (Шариат боюнча ишмердүүлүгү тыюу салынган жерлерден башка);

- Банкоматтардан накталай акчаларды алуу;

- Алыстан же дистанциондук систем кызматтары аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк банктык эсептерден башка эсептерге каражат которо алышат.

Элкарт ИФБ карталары жеңилдетилген тариф боюнча бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң чоң перифериялык түзмөктөргө ээ, 1000ден ашык түзмөктөрү бар Достук байланыштардын банкомат жана POS-терминалдарынан накталай акчаларды алууга болот. Ошондой эле ИФБ Элкартасынын карталары “БТА Банктын” банкомат жана POS-терминалдарынан да жеңилдетилген тариф боюнча накталай акчаларды алууга болот.

ИФБ картасындагы акча калдыктарына пайыздар кошулбайт. Картадагы акча калдыктары менен Исламдын Шариат принциптерине каршы келген бир да операция жасалбайт.

Элкарт ИФБ карталарына акча толуктоодо бир дагы пайыз алынбайт, “Бакай Банк” кассаларынан ИФБ карталарын толуктоо акысыз жүргүзүлөт.

Элкарт ИФБ төлөм картасында программалык түрдө төмөнкү жайлардан сатып алуулар бекитилген:

- Алкоголдук ичимдик, тамеки түрлөрүн саткан дүкөндөр;

- Көңүл ачуу жана оюн-зоок жайлары, букмекердик кеңселер;

- Адепсиз мазмундагы сайттар.

«Бакай Банк» ААКнын Ислам каржы борборунун куратору Талант Керимбаев

Аталган продукт өлкөдөгү ислам банкингинин өнүгүшүнө болгон кадамдардын бири, мындай картаны эч ким чыгара элек болчу. Ислам финансы борбору жакынкы келечекте ислам принциптерине ылайык, VISA жана MasterCard базасында жогорку статустагы төлөм карталарды чыгарууну пландоодо. Бул карталар кардарлар арасында керектүү болоруна ишенебиз жана сүткорлуктан арылтууга жардамын тийгизет”, – деп белгилейт “Бакай Банк” ААКсынын Ислам финансы борборунун куратору Талант Керимбаев.

Картаны алуу боюнча толугураак маалыматты төмөнкү номерлерден алууга болот:

0(312) 61 00 61, 6111, WhatsApp 0(554) 00 61 11

Дареги: Бишкек шаары, Чүй кең көчөсү 111а жана "Айчүрөк" борбордук дүкөнүнүн 4-кабатындагы С10 дареги.

Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү 105.

Сайт: www.ifcenter.kg.
E-mail: office@ifcenter.kg.

Маалымат үчүн: Ислам каржы борбору - Кыргызстандагы жана КМШдагы ислам принциптеринде кызмат көрсөткөн алгачкы мекеме. Ал "Бакай Банк" ачык акционердик коомунун алдында түзүлгөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: