super.kg logo

Бишкек-Ош унаа жолунда бир үй-бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Милиция кырсыкка кабылган унаалардын биринин качып кеткен айдоочусуна издөө салат

 

Чүй ОИИББинин кызматкерлери Бишкек-Ош жолунда 3 машина сүзүшүп, 4 адам каза болгон жол кырсыгындагы Хонда-Торнео унаасынан качып кеткен айдоочуга издөө салат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, качып кеткен айдоочунун аты-жөнү Талгатбек Алтымышов. Ал Талас облусунда төрөлгөн. Жашы 24тө.

"Күбөлөр жол кырсыгынын келип чыгышына Хонда-Торнео унаасы күнөөлүү экенин айтып беришти. Ал алгачкы жардам алган соң из жашырып качып кеткен. Азыркы учурда бардык издөө иликтөө иштери жүрүүдө. Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн номерлери 0312 22-15-58, 0555 29-95-20 , 0701 31-41-93. Анонимдүүлүк сакталат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Ошондой эле Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгынан каза болгон 4 жаран бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин билдирди. Тактап айтканда, күйөөсү, аялы жана 2 баласы. Ал эми учурда бул бүлөнүн дагы бир 8 жаштагы кызы ооруканада.

Окуянын чоо-жайы:

Жол кырсыгы 18-августта болжол менен эртең мененки саат 9:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 172-чакырымында орун алган. Анда Хонда Торнео үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдыдагы унааны ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыгып, алдыдан күйүүчү май ташыган унааны көргөн, ал кайра өзүнүн катарына түшүү аракетин жасап жатып Мазда үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган, ал эми Мазда үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу унааны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Мазда унаасындагы 4 адам каза болуп, дагы 1 адам оор жаракаттарды алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
20.08.2019. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Опкосун колтуктап алган неме качпай эми жооп бер кылган ишине эркек болсон,бир уй булоону жок кылып кайда качмаксын.
20.08.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Negizi bul balada kunoo dele jok eken. Mazda aralykty saktap aydaw kerek ele. Avgongo chyga albadyby kayra kirgeni jol beriw kerek ele.
20.08.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
zevs,жол эрежесин билбей эле умничать эте бербечи. Ошол сен айткан бала 100% кунолуу. Ошон учун да качкан.
20.08.2019. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zevs,Төө десе бээ дебечи
21.08.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zevs,былжырайсынарда анан ушинтип куноосу жок болсо анда эмне качат жооп бербейби эркектей болуп , как последний шакал сбежал как будто кармалбай калчудай болуп
20.08.2019. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качып кайда бармак еле авгонго чыкканда озу коруш керек еле а тарнео он жагында рулю озун тагдырын тобокелге салган
21.08.2019. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качып кайда барасын уктасан да ойгонсон да 4 адамдын каны уктатпайт го. Адамдык сапатын болсо озун келип куноону мойнуна ал бираз да болсо арын таза болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: