super.kg logo
  Саясат  

Төрага Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

 

Төрага Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо: “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулмандар!

  

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын атынан бүткүл мусулман калкы үчүн өтө ыйык Рамазан айынын соӊундагы касиеттүү Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Дүйнөдөгү жалпы мусулмандар сыяктуу эле, Орозо айты кыргыз эли үчүн да эң салабаттуу, эң ыйык майрамдардын бири. Улуу Рамазан айында адамдар бири-бирине кечиримдүү, күйүмдүү, кайрымдуу болуп, руханий жактан тазаланат. Рамазан айында биздин жергебизде, коомубузда да так ушундай жакшы маанай орногону сезилип турду.

   

Эгемендүү өлкөбүздө жемкорлордон тазалануу, акыйкат, таза коомду куруу, карапайым адамдарга камкордук көрүү, коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттин азыркы саясатынын негизги багыттарынан. Бул Рамазан айынын максаттарына үндөшүп турат, ал адамдарды адал эмгек жасоого, аруу тилек кылууга үндөйт, асыл сапаттарга жетелейт. Мына ушундай руханий баалуулуктарды аздектеген коом гана ар тараптан өнүккөн мамлекетти кура алат.

   

Сиздерге амандык менен бакыт-дөөлөт тилейм. Телегейибиз тегиз, тутунган ыйманыбыз таза болуп, ынтымагыбыз артып, калкыбыз бакубат турмушта жашап, мамлекетибиз өнүксүн.

Жараткан туткан орозоңорду кабыл кылсын, Орозо айт майрамыңыздар мубарак болсун!”- деп жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: