Баткенде кургатылган өрүктү чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган айдоочу кармалды





Баткенде кургатылган өрүктү чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер Мазда Бонго үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен. Анда Кыргыз өлкөсүнө чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 7 миң килограмм кургатылган өрүк табылган. Ал эми айдоочуну токтоткон учурда ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы суммасы 525 000 сом болгон.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Уурдап алган жок да бул товарды
Салчу айбын салып кой берип койгула тырышпай.
Мамлекет жумуш менен камсыздап бериштин ордуна тескерисинче жумушун тартып алып отурат, УЯТ!