super.kg logo

Башкы прокуратура: "Атамбаевге коррупция боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнбек Зилалиев дагы бир ишке шектелүүдө"

 

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Дүйшөнбек Зилалиев дагы бир кылмышка шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Аскердик прокуратура Зилалиевге "Коррупцияга аралашкан" деген берене менен шектелип жаткандыгы боюнча билдирүү жөнөткөн.

"Алмазбек Атамбаевге коррупциялык иштер боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында ага Зилалиевдин да катыштыгы бар болушу мүмкүн экендиги аныкталды. Атамбаев сурьма кени чыккан жерге лицензияны төмөн баада алуу максатында коррупциялык схемага Зилалиевди жана аталган агенттиктин статс-катчы Султановду аралаштырган.

Анын натыйжасында, статс-катчы Султанов Зилалиевдин мыйзамсыз тапшырмасын аткарып, жасалма тендер өткөргөн. Анда ал 130 миң долларга, эң төмөнкү баадагы "Хуасинь" инвестициялык компаниясын тендерден өткөргөн. Дүйшөнбек Зилалиев өткөрүлгөн тендердин мыйзамсыз экенин билип туруп, Атамбаев менен сүйлөшүп алып, аталган компанияга лицензия берген. Сурьма чыккан кен Чаткал районунда жайгашкан жана андагы кендин запасы 103 миллион 686 миң 72 долларды түзөт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: