super.kg logo

Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлепберген үчүнчү наристесин күтүп жатышат. "Биздин үйдө балалуу болууга чектөө жок" дейт ырчы

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген учурда Таиланддын Бангкок шаарында жүрөт. Ырчынын жубайы Мээрим Төлепберген үчүнчү наристесин күтүп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал маанилүү делинген көп окуялар болуп жатканын, бирок окурмандары менен бөлүшүүгө убакыт жетпей жатканын жазып, себебин дагы түшүндүрө кеткен. "Буга менин кош бойлуулугум себеп болууда. Эми мени кечиресиңерби? Талгак болдум, ичим дагы чыгып жашырууга мүмкүн болбой калды", - деген ал.

Мындан тышкары, ырчынын жубайы мөмө-жемиштер, деңиз азыктары менен тамактанып, ырахат тартуулаган эс алууда экенин кошумчалаган.

Ал эми Мирбек Атабеков жубайынын кош бойлуу экенин 3 ай мурда укканын айтып буларга токтолду.

"Биздин үй-бүлөдө мынча балалуу болуш керек деген чектөө жок. Жубайым кош бойлуу экенин 3 ай мурда сүйүнчүлөгөн. Аябай кубангам, Алла Таалам канча бала насип этсе баарын кабыл алып, чоңойтобуз. Кыргыз калкы аз. Жубайымдын дагы маанайы жакшы", - дейт ырчы.

Ал эми Мирбек Атабеков American Music Abroad эл аралык программасына катышып, 10 күндүк тажрыйба алмашуу боюнча окуп жатат. Аталган программа музыка жаатындагы инсандар арасында өтөт.






Мирбек Атабеков менен жубайы үчүнчү наристесин күтүүдө

Автор: Наргиза Талантбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(3)
20.08.2019. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аман эсен коз жарып алсын. Кыргызстандагы бактылуу уйбулолордун бири.
21.08.2019. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Молодец Мээрим, акылдуу экени башынан эле билинчу! Ар дайым уй булолук бакыт!
21.08.2019. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктырбайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: