УКМК: "Социалдык тармактарда массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан жаран кармалды"
Социалдык тармактарда массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирет.
Маалым болгондой, Ю.П. аттуу Кыргыз жараны 2019-жылдын 25-августунан 13-сентябрь аралыгында башаламандык болот деген билдирүү тараткан. Ал ар кандай ушактарга ишенип, аудио кайрылуу жаздырып өзүнүн жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү социалдык тармактарга тарап кеткен.
"Профилактикалык маектин жүрүшүндө ал өзүнүн жасаган иш-аракетине өкүнүп, туура эмес иш кылганын моюнуна алды. Ошондой эле өлкөбүздүн жарандарынан кечирим сурады", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Эл көтөрүлүшкө чыгат. Сооронбай кетсин. Биринчи жазаны Сооронбай м-н Асылбек иниси экөө алыш керек. Өлкөдө Сооронбай беспредел творит. Элдин Сооронбайды көрөйүн деген көздөрү жок. Дөөдүрөп эки жылдан бери кыйраткан иши жок. Сооронбай жоголсун. Мен эл менен чыгууга даярмын.
Кечиримди Соорнбай сурайт. Эл кетирет Асылбек экөө кетмейинче элдин турмушу онолбойт.
Бул жактагы колдонуучулар маалыматты чала түшүнүп алып эле жаза бересинерби?