super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги даараткана оңдолуп жатат"

 

19-август күнү SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин абалы" деген сүрөттөрдү жөнөткөн. Порталыбызга бүгүн, 21-августта аталган университеттин окуу иштери боюнча проректору Атабек Алибаев кырдаал боюнча айтып берди.

Студенттер каникулда болгондуктан даараткананын акыбалы чынында начар болчу. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Биз даараткананы оңдоо үчүн унитаз сыяктуу керектүү жабдыктарды алып келдик. Сентябрга чейин даараткана тазаланып, оңдолуп, акталгандан кийин колдонууга толук өткөрүлөт. Бул ишти аткаруу планыбызга мурун эле кирген. Бирок акыркы үч айдын ичинде башка корпустар менен биргеликте оңдоп-түзөөнү максат кылып жатканбыз”, - деди.

Даараткананы жаап турсак деле болмок. Бирок оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, усталар ченеп кетип жатышкандыктан ачык турган. Университеттин бардык жеринде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Буга студенттерден алынган келишимдик каражаттарды жана өзүбүздүн казынабыздагы каражаттарды колдонобуз. Мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөйт”, - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
21.08.2019. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул элдик кабар деле жакшы чыкты.анча мынчасын ишке салып турат.
21.08.2019. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаны оозуңарга батканча аласыңар,оңдоп түзөп койгула да
21.08.2019. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге жарыялангандан кийин уялганын болсо да ондойт
22.08.2019. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга чейин баары ондолуп бутуш керек эле да.Силер #элдик кабардан# коргондон кийин эстединерби ДААРАТКАНА бар экенин?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: