Бир үй-бүлө каза болгон Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыкка айыпталып жаткан айдоочу Бишкектен кармалды
Бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн алган кырсык боюнча изделип жаткан айдоочу Бишкектин кичи райондорунун биринен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү айдоочу облустук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери башталды.
Буга чейин Чүй ОИИББи Бишкек-Ош жолунда 3 унаа сүзүшүп, 4 адам каза болгон жол кырсыгындагы Хонда-Торнео унаасынан качып кеткен айдоочуга издөө салган. Анда күбөлөр жол кырсыгынын келип чыгышына Хонда-Торнео унаасы күнөөлүү экенин айтып беришкен.
Окуянын чоо-жайы:
Жол кырсыгы 18-августта болжол менен эртең мененки саат 9:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 172-чакырымында орун алган. Анда Хонда Торнео үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдыдагы унааны ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыгып, алдыдан күйүүчү май ташыган унааны көргөн, ал кайра өзүнүн катарына түшүү аракетин жасап жатып Мазда үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган, ал эми Мазда үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу унааны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Мазда унаасындагы 4 адам каза болуп, дагы 1 адам оор жаракаттарды алган.
Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгынан каза болгон 4 жаран бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин билдирген. Тактап айтканда, күйөөсү, аялы жана 2 баласы. Ал эми учурда бул бүлөнүн дагы бир 8 жаштагы кызы ооруканада.

Бир үй бүлөнү жок кылды эки дүйнө сурагын алат эми
Экинчиден. Жол эрежесин билбегендери кайра экзамене жиберук керек.
Учунчудон, стажы жокторго алыскы жолдорго журууго тыюу салуу керек.
Он рулдууларды деп бээ куноо адамдар олуп кете береби? Он рульга тыюу салган мамлекеттердин эли олбой эле жашап жатат. Качан дыр бир убакта токтотот деп билип туруп алышкан