super.kg logo

Аида Салянова 3 күндөн бери Улуттук госпиталда дарыланып жатат

 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жүрөк кабынын сезгенүүсү (панкардит) деген диагноз менен Улуттук госпиталга жаткырылды. Салянова 19-августта ооруканага жатканын анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.

"15-августта Аида Салянованы Тергөө башкармалыгына алып барардан мурда кардиология институтунун дарыгерлери консилиум өткөрүшкөн. Консилиумдун жыйынтыгына ылайык, Салянованы тез арада ооруканага жаткыруу керектигин дарыгерлер айтышкан. 16-августта Салянова ооруканага барып медициналык кароо жасаткан.

19-август дүйшөмбү күнү аны Улуттук госпиталга жаткырышты. Азыр ал тийиштүү деңгээлде дарыланууда, мындан тышкары, операцияга дагы даярдоо болуп жатат. Бирок тергөө иштери улантылып жатат, алдыда соттук отурум дагы болот. Буга байланыштуу операция качан болору белгисиз. Аида Саляновага операция чет өлкөдө жасалат", - деди ал.

21-июнда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал ушул жылдын 3-июнунда кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
21.08.2019. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаевдин айткандарын аткарбаганда мынчалык абалга кептелбейт эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: