super.kg logo

Чоң Чүй каналынан аял кишинин жансыз денеси табылды. Милиция маркумдун аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт (абайлаңыз, сүрөт)

 

Бишкектеги Чоң Чүй каналынан аял кишинин жансыз денеси табылды. Ал болжол менен 25-30 жаштарда. Бишкек шаардык ички иштер башкы бөлүмү маркумдун ким экенин аныктоого жардам сурайт.

Маалыматка ылайык, 9-август күнү саат 16:30 чамасында Чоң Чүй каналы менен Коммунаров көчөсүнүн кесилишинен кебетеси азиялык болгон аял кишинин жансыз денеси табылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Маркумдун бою 160-165 сантиметр, чачы узун, күрөң. Үстүндөгү кийимдери - күлгүн түстөгү көйнөк (гүлдөрдүн сүрөтү бар), бутунда кара түстөгү жайкы бут кийим (өлчөмү 39).

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жаранды тааныгандар болсо же окуянын күбөсү болсо 102 кызматына же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.

Байланыш номерлер: 0(312)566-043, 0(312) 561-752, 0(555) 102-602, 0(554) 102-148, 0(555) 757-955, 0(552) 102-261.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.08.2019. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тооба,неге каза болгон аялдар каналдан көп табылып жатат?
22.08.2019. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Зордуктоонун курманы болуп жатат да кобу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: