Волейбол боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз өлкөсү жарым финалда Түркмөнстан менен ойнойт

Волейбол боюнча аймактык Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн жарым финалдагы атаандашы белгилүү болду. 21-августта тайпалык оюндар жыйынтыкталды.
Буга чейин кыргыз волейболчулары А тайпасында Непал менен Мальдив аралдарын жеңип, жарым финалга жолдомо алган. В тайпасында Түркмөнстан 2-орунду камсыздап, жарым финалдагы атаандаш болот.
Ошондой эле, экинчи жарым финалдык жупта Өзбекстан менен Мальдив аралдары кез келет. Белгилей кетчү жагдай, түркмөн волейболчулары учурдагы Азия чемпиону.
Жарым финалдык оюндар бүгүн, 22-августта өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.