Быйылкы жылы өлкө боюнча 156 миңдей окуучу 1-класска барат
Ушул жылы мектепке 1-класска бара тургандардын саны өлкө боюнча 156 миңдей окуучуну түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, Бишкекте 22 миң 981, Ошто 11 миң 69, Ош облусунда 22 миң 210, Нарын облусунда 13 миң 982, Ысык-Көл облусунда 15 миң 182, Жалал-Абад облусунда 25 миң 257, Баткен облусунда 11 миң 443, Талас облусунда 10 миң 450 жана Чүй облусунда 23 миң 600 окуучу биринчи жолу мектеп босогосун аттайт.
Жалпы мектепке бара турган 1-класстан 11-класска чейин окуучулардын саны 1 миллион 268 миңди түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.