super.kg logo

Президент аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталганын айтты

 

"Аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын дагы", - деди президент Сооронбай Жээнбеков Нарын шаарындагы "Сүт-азык" ЖАКнын сүттү кайра иштетүүчү ишканасынын ачылышында. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы мындай ишканалар облустардын социалдык-экономикалык абалына жакшы таасир тийгизерин айтты. Ал жаңы жумушчу орундары жана жергиликтүү дыйкандардын продукциясын өткөрүү пункттары түзүлөрүн канааттануу менен белгиледи.

"Өзүңөр билгендей, Кепилдик фондунун ресурстарынын көп бөлүгү аймактык долбоорлорго багытталууда. "Айыл Банк" жана "РСК Банк" дагы облустарды жана айыл чарбасын каржылоонун үлүшүн жогорулатышты. Бүгүнкү күндө 60 пайыздан ашуун каражаттар бул максаттарга жумшалууда. Бул биринчи кезекте жумушчу орундардын жоктугунан болуп жаткан миграцияны кыскартууга, калктын кетишин азайтууга багытталган. Ал үчүн жергиликтүү тургундар өз продукциясын сатууга мүмкүнчүлүгү болгондой айыл өндүрүүчүлөрүн колдоо керек", - деди президент.

Президентке маалымдашкандай, завод Нарын облусундагы сүт сатуучу эң ири ишкана болот, чийки зат жергиликтүү фермерлерден 18 сомдон 25 сомго чейин сатып алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
22.08.2019. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Президентти колдойбуз! Аймактарды онуктуруу жылында ото жакшы иштер аткарылып жатат.
22.08.2019. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элди аралап, абалын сурап, кемтигин толуктаган президент Жээнбеков!
22.08.2019. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аймак өнуксө өлкө өнүгөт. Президенттин аймактарды өнүктүрүү демилгесин ар бир жергиликтуу жетекчи колдоого алышы керек
22.08.2019. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Президент эл менен тынбай көрүшүп арыз муңун угуп турса тез эле өнүгөт бирок майда чиновниктер иштеген жок да аракет кылып.
22.08.2019. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жээнбеков болуш кыйын экен АШАны качыра койбой камап салды молодец уурулардын баарын камай бер тазаланбасак онугуу болбой калды окшойт
22.08.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жээнбеков АЛЛАХТЫН буйругу менен келген АЖО, Уурулардын баарын камайм деген эле, сабыдуулук менен ишти тыкыр карап камала турганын камап жатат, эн башкысы АШАнын жолун улантпай туура кылды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: