super.kg logo

"Академия-Лидер" футболдук клубу жол кырсыгына кабылып, бир оюнчусу каза болду

 

Бишкек-Ош унаа жолунун Өтмөк ашуусунда борборго келе жаткан "Академия-Лидер" футболдук командасынын унаасы жол кырсыгына кабылып, бир команда мүчөсү каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 22-август күнү саат 07:30да Бишкек-Ош жолунун 197-чакырымында болгон.

"Өтмөк ашуусунун Талас жана Бишкек-Ош унаа жолунун кесилишинде Хонда Степвагон унаасы менен Мерседес Бенц сүзүшкөн. Тактап айтканда, эки унаа бири-бирин капталын сүзгөн. Кырсыктан Мерседес-Бенц унаасы айланып кеткен. Футболдук команда Мерседес-Бенц унаасы менен Бишкекке келе жатышкан. Машинанын ичинде уктап келе жаткан команда мүчөсү унаа катуу силкингенде моюну сынып, каза болгон. Дагы бир жаран унаанын алдыңкы отургучун башы менен сүзгөн. Ал учурда ооруканада. Бул факты Жайыл РИИБинин Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда жеринде кызматкерлер иш алып барышууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Каза болгон оюнчу тууралуу маалымат бир аз убакыттан кийин толукталат.

Буга чейин "Академия-Лидер" футболдук командасынын унаасы жол кырсыгына кабылганын SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.08.2019. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкек Ошко самолёт менен эле каттабаса болбой калды.Лидер биз силер менен!
22.08.2019. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ременди тагыныш керек болчу
22.08.2019. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikaaaa,ременди он жолу таксан да ажал келсе арга жок. Кату силкингенде байкабай турган адам мойну сынып кетсе керек да. Жакындарына сабыр тилейбиз. Негизи самалеттун баасын таксинин баасынан бир аз кымбатырак кылып койсо жакшы болмок. 3 4 миңге карапайым эле такси менен барып келем деп самалетко олтурбайт да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: