super.kg logo

Мектептердеги окуу программасына компьютердик оюндарды сабак катары киргизүү сунушталды

 

Интернетти өнүктүрүү институту (ИРИ) окуучулар үчүн киберспорттук дициплиналардын тизмесин сунуш кылды. Бул тууралуу дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Аталган институт Орусиянын Билим берүүнү көзөмөлдөөчү мекемесине кат аркылуу кайрылып, тизмеге "Dota 2", "Hearthstone", "Dota Underlords", "FIFA 19", "World of Tanks" жана "Minecraft", "CodinGame" оюндарын кошкон.

Адистердин айтымында, компьютердик оюндар окуучунун билимин өстүрүп, команда менен иштешүүсүн камсыздайт. Ошондой эле абстракттуу ой жүгүртүүсүн, логикасын, реакцияга болгон ылдамдыгын, креативдүүлүгүн жөнгө салат.

Мындан тышкары, алардын популярдуулугун эске алып, иштеп чыккандарды колдоо иретинде окуучулардын жаш курагы 14 жаштан жогору болушу керек деп белгилешкен.

Белгилеп кетүүчү жагдай - тандалган оюндардын көпчүлүгү коомчулук тарабынан кабыл алынган, чоң турнирлерде ойнолуп, чемпиондуктар өткөрүлүп келе жаткан киберспорттук дициплиналар болуп эсептелинет.

Буга чейин аталган институт Орусиянын Билим берүү министрлигине кайрылып аймактардагы мектептерге киберспорттук оюндарды эксперимент катары окутуп көрүүнү сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: