super.kg logo

Президент: "Бийликке байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кеткен"

 

"Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт" деди бүгүн, 22-августта президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы коррупция эң негизги улуттук көйгөй болуп калганын белгиледи.

"Бийликке өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кеткен. Бийликти байлык топтоонун булагына, бизнеске айлантып жиберишкен", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент мамлекеттик кызматка келген ишкерлер өз психологиясын таптакыр өзгөртүшү керек экенин кошумчалады.

"Бийликке көрпенделик кызыкчылыктан, байлыктан баш тартып, акча табуу үчүн эмес, эл арасында сый-урмат, эл үчүн кылган эмгегим менен абийир табайын дегендер келиши керек. Биз өз абийирине камчы чаппагандарды, өз дарегине эл тарабынан айтылчу жакшы сөздү алтындан да кымбат баалагандарды колдошубуз керек. Коррупцияга каршы күрөш уланат", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(5)
22.08.2019. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмне деп жазышты деле билбейсиң))
22.08.2019. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баары эле акылдуу баары эле ак. Жылуу жумшак ширин создорунорду коюп иш жүзүндө көрсөтүлө да. Туура андайлар толтура бирок бийликтин башы иштесе ошолорду камап байлыгын мамлекетке өткөрүп карыздардын кутулса болот.Камап туруп ооруп калса чыгарып жибербей. Карызды ошол чоң курсактар эле төлөп койсо болот анча байлык өлсө калат за то тарыхта калышат иши менен
22.08.2019. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутат болгондон кийин байып кеткендердин баарын конфискация кылып,мамлекетке төктүрүү керек.
22.08.2019. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул созду баары билет. Акча чачып кайра жыйнайт. Айтып аткан адам озу да ушул ишке болгон да себеби партияга мынча сом менен киресин дейт.
22.08.2019. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сооронбай Шарипович сизден суранат элек откон ишке салават Атамбаев менен чукулашпай эле койсонуз чоон отунуч жегенин жеди убагында сиз коруп билип тургансыз ошол иштердин баарын ошол замат токтот деп айтышыныз керек эле. Эми ошол чондор чукулашпагылачы откон ишке келечекти ойлойлучу мындан ары аракет кылсак баары жакшы болот. Олко онугот. Мындан кийинки иштер жаман жакка кеткиче(чукулашкыча) жакшы иштер болсо дейм. Олкобуз тынч болсо биздин айылда шаарда мамлекетте береке орнойт. Чоон отунуч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: