super.kg logo

Депутат Ирина Карамушкина Биринчи Май райондук сотуна келди

 

Депутат Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасы бүгүн, 22-августта каралат. Учурда депутат Биринчи Май райондук сотуна жактоочусу менен келди.

"Башкы прокурор мени күбөлөрдүн тизмесинен шектүү дегендердин тизмесине которду. Тагыраагы, "барымтага алуу" жана "массалык башаламандык уюштуруу" беренеси боюнча шектүү болдум. Чынын айтсам мен Башкы прокуратуранын кабарларын окуп жатам. Мени күнөөлөп жатканына далил болуп бере ала турган сүрөт, видео болушу керек да. Бирок мен андан тиешем бар экенин көрө алган жокмун. Башкы прокуратура ушундай чечим чыгарып коюптур.

Азыр биз Биринчи Май райондук сотуна келдик. Бүгүн баш коргоо чарасы каралат", - деди ал.

Ошондой эле ал 7-августта спецназдарды барымтага алуу боюнча айтып берди. Депутаттын айтымында, ошол күнү Кой-Таштагы окуялар түз берилди, баары ачык-айкын болгон.

Башкы прокуратура Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин "барымтага алууга" беренеси боюнча шектелип жатканын билдирди.

7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, эл менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ортосунда кагылышуу орун алган. 8-августта Атамбаев камакка алынган. 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.






Ирина Карамушкина Биринчи Май райондук сотуна келди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: