super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Сузакта кыш заводдо иштегендер электрикти сабап салышты

 
Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Барпы айылында электр кызматкерлери менен "Алихан П" кыш заводунун кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыкты. Маалыматты бүгүн, 7-августта "Жалал-Абад электр" ишканасынын өкүлү Жайлообек Мамажанов билдирди. Айтымында, 6-августта Сузак РЭСи менен "Жалал-Абад электр" ишканасы биргеликте аталган кыш заводуна текшерүү жүргүзгөн. "Текшерүү учурунда ортодо түшүнбөстүк чыгып, мушташууга чейин барышты",- дейт Мамажанов. "Окуянын курчушуна кыш заводдун мурдагы ээси Таалайбек Түмөнбаевдин текшерүүчүлөргө жасаган орой мамилеси себеп болду. Жаңжалдын кесепетинен текшерүүчүлөрдүн бирөөсү катуу жабыр тартты. Алардын мындай мамилеси биринчи жолу болуп жаткан жок, буга чейин да туура эмес мамиле жасап келишкен", - деди ал.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: